КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮН ТҮПТӨГӨН АТАЛАР
2024-жылдын 18-сентябрында БЭк-1-24 жана ФКк-124 тайпаларында тайпаларында азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын ишмердүүлүгүнө арналган тарбиялык саат болуп өттү. Сабакта А.Сыдыков, И.Айдарбеков, Ж.Абдрахманов, А.Орозбеков, И.Арабаев аталарыбыздын азыркы Кыргыз мамлекетүүлүгүн түптөөдөгү эмгектерин эскерүү менен алардын мамлекетибиз үчүн кошкон зор салымдарын, патриоттуулугун куратордук саатта тайпалардын студенттери өз докладдарында кеңири баяндап айтып беришти.
Куратордук саатка экономикалык-юридикалык факультеттин деканы э.и.д., профессор Аскарова А.К., тарбия иштери боюнча декандын орун басары Абдыманап кызы Н., БЭк-1-24 тайпасынын куратору э.и.к., доцент ТөлөновЭ.Н., ФКк-1-24 тайпасынын куратору э.и.к, доцент м.а. Абдырахманова Г.Б. эжеке агайлар катышышты.