1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

7 месяцев назад

81

ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын 580100 Экономика багыты боюнча, күндүзгү окуу бөлүмүнүн БЭк-1-21 жана ФКк-1-21 тайпаларына өндүрүштүк практикасын жыйынтыктоо боюнча конференция уюштурулду. Конференцияда студенттер практика өтүп келген жерлеринен  практиканын өзгөчөлүктөрүн, практика менен теориянын айкалышы боюнча маалымат беришти.

Практика жетекчилери э.и.к., доцент м.а. Г.С.Жамашева, окутуучу Ч.С.Орозова., доцент м.а. э.и.к. Макеева А.Ш. тарабынан студенттердин окуу-таанышуу практикасынын отчёту практиканын программасы боюнча жана жол картага ылайык өтүлгөнүн баса белгилешти.

Конференцияга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн  башчысы Калыбекова Зияда Садыковна катышып, практика программа боюнча өтүлгөнүнө баа берип, кафедранын профессордук-окутуучулар жамаатына ыраазычылыгын билдирди.