Колледжден ЖОЖду карай кадам
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын профессор – окутуучулук курамы ЖАМУнун экономикалык – юридикалык колледжинин жана “НУР” педагогикалык, экономикалык жана техникалык колледжинин бүтүрүүчү курсунун студенттери менен жолугушуу өткөрүп, профориентация иштерин жүргүзүштү.
Жолугушуу учурунда экономика багыты боюнча профилдер, окуу шарттары, колледж менен ЖОЖдун ортосундагы айырмачылыктар жана байланыштар боюнча кеңири маалыматтар берилип, студенттер тарабынан берилген суроолорго жооптор алынды.
Жолугушуунун жыйынтыгында ЖОЖдо окуусун улантууну каалаган колледждин бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар берилди.