ТАНДОО КУРСТАРЫ БОЮНЧА ПРЕЗЕНТАЦИЯЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык – юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын профессордук – окутуучулук курамы жана экономика багытынын тайпаларынын студенттери менен 580100 Экономика багытынын финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит профилдери боюнча түзүлгөн окуу планындагы тандоо курсу боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйында тандоо курсундагы предметтердин адистикти даярдоодогу ролу, максаты, мазмундары жана аны окуу планына кошуудагы зарылчылыктар боюнча студенттерге кеңири маалыматтар берилди.
Андан кийин тандоо курстары боюнча профессор – окутуучулук курамдын презентациялары студенттерге көрсөтүлүп, студенттердин тандоо мүмкүнчүлүгүнө коюлду. Студенттер тандоого коюлган предметтер боюнча лекторлорго өздөрүнүн суроолорун беришип, ынанымдуу жоопторду ала алышты.
Предметтерди тандоо “Элективдүү дисциплиналарды (модулдарды) тандоо жана өздөштүрүү тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык жүргүзүлдү.
Студенттер тандаган предметтер билдирүү жана жыйындын протоколунун көчүрмөсү менен окуу бөлүмүнө тапшырылды.