1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

52

АТА - БАБАЛАРДЫН ЭРДИГИН ДАЙЫМ ЖҮРӨГҮБҮЗДӨ САКТАЙБЫЗ

2024-жылдын 2-май күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык- юридикалык факультетинин экономика багытынын бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит профилинин БЭк-1-21 тайпасынын студенттери 9-май Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына карата “Улуу Жеңиштин даңкы өчпөйт” деген темада куратордук саат өткөрүштү. Тайпанын куратору Нурбек Мусакулов “Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын саны жылдан-жылга азайып баратканы өкүнүчтүү.  Бизге тынч жашоону, ачык асманды, эркиндикти тартуулаган баатырлардын эрдиги эч качан унутта калбаш керек. Т.Тайгараев, Д.Шопоков, Ч. Түлөбердиев сыяктуу баатырларыбыз элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат. Кийинку муун алардын эрдигине таазим кылабыз” - деген сөзүн айтты. Ошону менен катар согуштун катышуучуларына ден соолук, узун өмүр, бейпил жашоо каалап өттү.

Андан соң студенттер Улуу Ата мекендик согуштун баатырларын эскеришип, эстеликке гүл койушту. Эч ким эч качан унутулбайт. Бизге жаркын жашоо тартуулаган согуштун катышуучулары аман болуңуздар!