ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮ КАРАЛДЫ
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Жалал-Абад шаардык мэриясы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча, дайыма биргеликте иш жүргүзүп келет. Учурда Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү максатында мамлекеттик бюджеттен 2 млрд сом бөлүнүп, натыйжасында шаарда жолдор оңдолуп, жаңы социалдык объектилер салынганы баарыбызга маалым. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан 2025-жылы Жалал-Абад шаарын Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыялоо сунушталганы белгилүү.
Анын негизинде Жалал-Абад шаарынын мэри Ормоков Эрнисбек Абдижалилович менен экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович жолугушуу учурунда Жалал-Абад шаарында туризм тармагын өнүктүрүү боюнча баарлашып, сунуштар берилди. Туризмди өнүктүрүү боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын ортосунда кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.