МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА КЕСИПКЕ БАГЫТТОО БОЮНЧА ИШТЕР ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы Базар-Коргон районунун Б.Осмонов атындагы №6 гимназия мектебине, Ж.Бөкөнбаев жатак-гимназия мектебине, Токтогул атындагы №5 гимназия мектебине, Палванов Осо атындагы №51 жалпы билим берүүчү орто мектебине барышып, кесипке багыттоо иштерин жүргүзүп келди бул тууралуу экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын башчысы э.и.к.,доцент Э.Н.Төлөнов билдирди.
Профориентациянын максаты окуучуларды кесипке багыттоо менен туура кесип тандоого көмөктөшүү. Профориентацияда мектеп окутуучулары тарабынан экономика жаатында суроолор берилип, жооптор алынды. Мектеп бүтүрүүчүлөрү ЖАМУ ну тандай тургандыктарын билдиришти.