1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Жарандык укук жана адвокатура кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

64

1-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк СПИД илдетине каршы күрөшүү күнү

пид
пид

2024-жылдын 26-ноябрында экономикалык-юридикалык факультетинин юриспруденция профилинин Юк-1-23 тайпасынын куратору Зейнеп Амиракулова иш пландын негизинде 1-декабрь Бүткүл дүйнөлук СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата куратордук саат өткөрдү.

Куратордук саатка декандын тарбия иштери боюнча орун басары Абдыманап кызы Нурия катышты. Өз сөзүндө куратор СПИД илдетинин пайда болуу тарыхы, жугуу жолдору, коркунучу ошону менен катар алдын алуу жолдору туурасында маалымат берип өттү. Тайпанын студенти Айгерим Калыкбаева, Осоров Алманбет жана Рахманалиев Улукбек студенттерге СПИД илдети тууралуу кеңири маалымат беришти, ошону менен катар атайын плакаттарга илдет тууралуу тартылган сүрөттөр жана тарыхы жазылган маалыматтар илинип, жалпы кенири түшүнүктөрдү беришти. Куратордук саат жогорку деңгээлде өттү жана максатына жетти.