1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Кылмыш жаза укуктук дисциплиналар кафедрасы
  5. Жаңылыктар

11 месяцев назад

100

1

ПРОБАЦИЯ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университенин экономикалык-юридикалык факультетинин юриспруденция адистигинин студенттерине жана Юк-1-22 тайпасына  кылмыш-жаза укугу сабагынан  окутуучу З.Кошалиева тарабынан  конок лекция уюштурулду.

 Ага Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын  жетектөөчү адиси Каратаева Бактыкан Кубатбековна “Пробациялык көзөмөл” темасында лекция окуду.

Пробация (англ. probation - сыноо) – бул шарттуу жазанын бир түрү.  Анда соттолуучуга сот аныктаган сынак убакыты берилип,  ал атайын органдардын көзөмөлүндө болот. 

Пробация – бул, пробациянын кардарларына социалдык көмөк алууга, алардын түзөлүүсүнө, социалдашыуусуна, коомго кайрадан кошулуусуна, укук бузууларды жасоосун алдын алууга багытталган тийиштүү шарттарды түзүп берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жалпысынан камтыган комплекстүү жүргүзүлүүчү чаралар. 

Ал үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана коомчулук өз ара тыгыз аракет жүргүзүп, пробациянын кардарына социалдык-укуктук, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүшөт. Жыйынтыгында пробациянын кардарында, башкача айтканда сыналуучуда оңолууга мүмкүнчүлүк пайда болот.  

Пробация аны колдонуунун милдеттерине жана стадиясына жараша төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1) сотко чейинки пробация;

2) аткаруу пробациясы;

3) пенитенциардык пробация;

4) пенитенциардан кийинки пробация.

Лекциялык сабакка студенттер активдуу катышып, суроо-жооптор,  өз ара пикир алмашуулар менен жыйынтыкталды - деп  кылмыш-жаза укуктук дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу З.А.Кошалиева  билдирди.