- Факультеттер
- Экономикалык-юридикалык факультети
- Кылмыш жаза укуктук дисциплиналар кафедрасы
- Жаңылыктар
СПИД - XXI-кылымдын чумасы
СПИД менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 1-декабрда белгиленүүчү эл аралык күн болуп эсептелет . Бул күндү белгилөө Саламаттыкты Сактоонун Бүткүл Дүйнөлүк Уюму тарабынан 1988-жылы жарыяланып, 1996-жылдан бери ЮНЭЙДС (БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасы) тарабынан атайын иш-чара катары өткөрүлүп келет. Бул күндү расмий белгилөөнүн негизги максаты – ВИЧ инфекциясынын кеңири таркалышынан келип чыккан СПИД эпидемиясы тууралуу калкка маалыматтын таркалуу деңгээлин жогорулатуу жана бул оорунун курмандыктарын эскерүү. Бул күнү дүйнө жүзү боюнча көптөгөн мамлекеттик, коомдук жана медициналык уюм-мекемелер аталган оору боюнча маалымат берүү жана анын алдын алуу максатында атайын иш-чараларды өткөрүп келишет.
Экономикалык-юридикалык факультетинин юриспруденция профилинин Юк-1-21 тайрасынын студенттерине СПИД боюнча маалымат берүү жана анын алдын алуу боюнча Зарина Айдаралиевна Кошалиева куратордук саат өткөрдү.