1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Кылмыш жаза укуктук дисциплиналар кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

48

Криминалистика илиминин сырлары – иш ордунда

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери Жалал-Абад областтык ички иштер башкармасынынЭксперттик криминалистика кызматында практикалык сабак өттү

2026-жылдын 12-ноябрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун Кылмыш-жаза укуктук дисциплиналар кафедрасынын ага окутуучусу Талайбек Сусунбаев Криминалистика практикалык сабагын иш ордунда окутуу форматында Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын Эксперттик Криминалистика кызматында өткөрдү.

Практикалык сабакты Эксперттик Криминалистика кызматынын башчысы, милициянын полковниги Канатбек Аскарбеков жана Эксперттик Криминалистика кызматынын ага эксперт-криминалисти Рахимжан Базарбаев өткөрүштү. Сабактын негизги максаты – студенттерге криминалистика илиминин теориялык негиздерин реалдуу иш шартында түшүндүрүү, Дактилоскопиялык, баллистикалык, химиялык изилдөөлөрдү,  кылмыш ордун кароо жана далилдерди чогултуу боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу болду.

Сабактын жүрүшүндө кызматкерлер криминалистикалык техниканын түрлөрү, издерди аныктоо жана алуу ыкмалары, ошондой эле кылмыш ишин тергөө учурунда криминалистикалык изилдөөлөрдүн мааниси тууралуу кеңири маалымат беришти. Өзгөчө көңүл кылмыш ордундагы далилдерди туура каттоо, сүрөткө тартуу жана аларды лабораториялык шартта изилдөө тартибине бөлүндү.

Ага окутуучу Талайбек Сусунбаев практикалык сабактын студенттер үчүн мааниси зор экенин белгилеп, мындай иш-чаралар келечектеги юристтердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты. Ал эми Эксперттик криминалистика кызматынын башчысы милициянын полковниги Канатбек Аскарбеков болсо, теория менен практиканы айкалыштыруу – заманбап билимдүү адистерди даярдоонун негизги шарты экенин баса белгиледи.

Иш-чаранын соңунда студенттер өздөрүнүн суроолоруна жооп алып, криминалистикалык лабораториянын иши менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул практикалык сабак Жалал-Абад мамлекеттик университети менен ички иштер органдарынын ортосундагы кызматташтыктын дагы бир айкын далили болуп калды.