"ДИССЕРТАЦИЯНЫ ЖАЗУУНУН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ"
2024-жылдын 6-апрелинде экономика илимдеринин доктору, профессор А.К.Аскарова тарабынан "Диссертацияны жазуунун жол-жоболору" - аттуу илимий семинар экономикалык-юридикалык факультетинин аспирантарына өткөрүлдү. Илимий семинардын жүрүшүндө диссертациянын темасын аныктоо, план түзүү, илимий изилдөөнүн максаттарын жана милдеттерин коюу жана изилдөөнүн бардык этаптарында аларды ырааттуу ишке ашырууга жетишүү, илимий адабияттар менен иштөө, изилдөөнүн натыйжаларын аныктоо, изилдөөнүн илимий жаңылыгы, коргоого коюлган жоболорду иштеп чыгуу маселелери талкууланды.