1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети

Экономикалык-юридикалык факультети

Телефон:

372 251 846

Каттоо:

26.10.2023

Акыркы сапар:

6 месяцев назад

Азыркы экономикалык-юридикалык факультеттин Университеттин өз алдынча түзүмү катары тарыхы 2000-жылдын 22-майдагы № 188 буйругу менен «Бухгалтердик эсеп жана аудит», «Каржы жана насыя», «Экономикалык теория» кафедраларынын базасында негизделгендигинен башталат. Факультеттин алгачкы түзүүчүлөрү катары э.и.к., доцент Алыкулов Жолболду Нышанбаевич, улук окутуучу Максытов Камил Абдуллаевич, э.и.к., доцент Турдубеков Бегижон Мадаминович эсептелет. Факультеттин биринчи деканы э.и.к., доцент Жоошбаев Бекмамат Тургунбаевич.

Факультет түзүлгөндөн баштап абдан көп өзгөрүүлөрдү башынан өткөрдү.  2015-жылдан баштап экономикалык-юридикалык факультет түзүлгөн жана учурда өз ишмердүүлүгүн алып барууда.

Экономикалык-юридикалык факультет – бул жогорку квалификациялуу экономикалык, юридикалык жана социалдык иш багыттарында кадрларды даярдоо боюнча динамикалуу өнүгүп бара жаткан билим берүү структурасы.

Кадрларды даярдоо жөнүндө маалыматтар төмөндөгү таблицада берилген:

Адистиктин  коду Аталышы Квалификациясы (даража) Окуу мөөнөтү
580100 Экономика, Каржы жана насыя профили Бакалавр 4
580100 Экономика, Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит профили Бакалавр 4
530500 Юриспруденция Бакалавр 4
540200 Социалдык иш Бакалавр 4

Студенттерге Университетти  аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүдөгү дипломдору ыйгарылат.

Факультеттин курамы төмөнкү кафедралардан түзүлгөн:

v    Экономика, эсеп жана каржы;

v    Жарандык укук жана адвокатура;

v    Кылмыш жаза укуктук дисциплинар;

v    Профессор Ш.Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер.

                   *****************************************************************

Материалдык-техникалык база

Факультеттин техникалык базасы студенттердин терең изилдөөсүн, ошондой эле алар тарабынан факультеттин профессордук-окутуучулук курамынын жетекчилиги менен илимий-изилдөө иштерин аткарылышын камсыздаган заманбап 6 окуу кааналары, лаборатория, компьютердик класс, тренинг менен семинарларды өткөрүүчү кааналар жайгашкан.

                   **********************************************************************

Профессордук-окутуучулук курамы:

Профессордук-окутуучулук курамы 39 окутуучуларды камтыйт, алардын ичинен 26 штаттык окутуучулар, 13 айкалыштыруучу. 8 илимдин доктору жана 13 илимдин кандидаты окумуштуулук даражага ээ.

Факультетте Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү окумуштуулары жана педагогдору сабак берет. Алардын арасында 13 окутуучу Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын эсебинин эмгек сиңирген кызматкери, Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана аудиттин мыктысы, 3 окутуучу Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу, 2 окутуучу «Акыл-Тирек» сыйлыгынын номинанты.

                  ************************************************************************

Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү

Факультетте 08.00.05 «Экономика жана эл чарбасын башкаруу» адистиги боюнча илимий мектеп иштейт, анын жетекчилери Зулпукаров Аманкул, э.и.д., проф.; Аскарова А.К. э.и.д., проф.; Карбекова А.Б. э.и.д., доц.

2021-жылдын 12-январында Карбекова Азиза Баймаматовнанын 08.00.05 – Экономика жана эл чарбасынын башкаруу адистиги боюнча «Кыргыз Республикасынын агрардык секторунун экономикасын кластердик модернизациялоо» аттуу доктордук диссертациясын, 2021-жылдын 19-мартында Садыралиев Жандаралы 08.00.05 – Экономика жана эл чарбасынын башкаруу адистиги боюнча “Адамдык капиталды жакшыртууга анын жашоо деңгээлинин тийгизген таасирин статистикалык жактан изилдөөнүн методологиясы (Кыргыз Республикасынын мисалында) аттуу доктордук диссертациясын, 2021-жылынын 7-октябрында изденүүчү Гулбара Султанбековна Жамашева “Кыргыз Республикасынын кайра иштетүү тармагынын субъектилеринин өнүгүүсүнүн заманбап шарттарында экономикалык тобокелдикти башкаруу механизмин өркүндөтүүнүн негизги багыттары” аттуу темадагы 08.00.05-Экономика жана эл чарбасынын башкаруу адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргошту.

Факультетте ИИИ жүргүзүлөт, «Жалал-Абад областынын экономикасын комплекстүү талдоо жана практикалык сунуштарды иштеп чыгуу» (Зулпукаров А., Карбекова А., Уметов С.) темасындагы каржылоонун көлөмү 2016-жыл үчүн 387,300 миң. сом түзгөн.

Факультеттин профессордук-окутуучулар курамынын илимий изилдөлөрдүн жыйынтыктары 15 монографияда, 100 ашык илимий макала басылмаларда чагылдырылган, 25 окуу китептери жана окуу-методикалык куралдар, алардын ичинен КР Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен жарык көргөндөрү бар. 44 күбөлүк автордук укуктун мамлекеттик каттоосунда катталган.

Факультеттин кызматкерлери ар кандай деңгээлдеги 80, анын ичинде эл аралык конференцияларга катышышты. Илимий ишке студенттер да тартылышат. Студенттер курстук жана дипломдук иштерди аткарууда жаъы маалыматтык технологияларды колдонушат.

                       ***********************************************************************

Факультетте олимпиада кыймылы жүргүзүлөт жана колдоого алынат.

Жыл сайын экономикалык жана экономикалык эмес адистиктер үчүн «Экономика», «Каржы, акча жүгүртүү жана кредит», «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит», «Укук таануу» дисциплиналары боюнча студенттик олимпиада өткөрүлөт.  Факультеттин студенттери аймактык олимпиадаларга катышышат жана байгелерге ээ болушат.

                                  ********************************************************************

Эл аралык кызматташтык

Факультет төмөндөгү алдыңкы ЖОЖдор менен илимий жана билим берүү кызматташтыгын колдойт:

v    Казан федералдык университети;

v    Абай атындагы казах улуттук педагогикалык университети;

v    Борбордук Азия инновациялык университети;

v    О. А. Байконуров атындагы Жезказган университети;

v    Башкыр мамлекеттик университети;

v    Эл аралык илимдер академиясы Новосибирск мамлекеттик университети, Новосибирск ш.

v    Воронеж экономикалык-укуктук институту

v    Харьков мамлекеттик университети;

v    Самара мамлекеттик университети;

Өлкө ичиндеги байланыш

v    Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети;

v    Кыргыз экономикалык университети;

v    Ош мамлекеттик университети;

v    Нарын мамлекеттик университети;

v    Ош технологиялык университети;

v    К. Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университети;

v    Ош социалдык университети;

v    Баткен мамлекеттик университети;

v    Бишкек гуманитардык университети;

v    Ош мамлекеттик юридикалык институту;

v    Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы;

v    Кыргыз мамлекеттик юридикалык Академиясы.

                            *********************************************************************

Студенттер

Факультетте 200 ашык студент билим алып жатышат. Факультет уюшулгандан бери Кыргыз Республикасынын билим берүү стандартына ылайык 2 миңден ашык дипломдуу адистерди даярдап чыгарды. Аларга Кыргызстандын жана анын чегинен тышкары өндүрүш, административдик, билим берүү жана маданий чөйрөлөрдө суроо-талаптын көбөйүшүү, жаш адистерди даярдоонун деңгээли жогору экендигин күбөлөндүрөт. Студенттик практика Кыргыз Республикасынын эң барктуу мекемелеринде, уюмдарында жана ишканаларда өтүлөт.