1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 день назад

14

1

Биринчи курстун студенттерине арналган адаптациялык программа: студенттик жашоого ишенимдүү кадам

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү-өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунда биринчи курстун студенттеринин жаңы окуу шарттарына, окуу процессин уюштурууга жана студенттик жашоого ыңгайлашуусуна өзгөчө көңүл бурулат.

Адаптациялык программа биринчи курстун студенттеринин университеттин билим берүү чөйрөсүнө ийгиликтүү аралашуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, студенттик жамаатка таандык болуу сезимин калыптандырууга, өз алдынчалыгын, жоопкерчилигин жана сапаттуу билим алууга болгон мотивациясын өнүктүрүүгө багытталган.

Биринчи курстун студенттерине арналган адаптациялык программа БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына, атап айтканда, 4-максат — «Сапаттуу билим берүү», 3-максат — «Жакшы ден соолук жана бакубат жашоо», 10-максат — «Теңсиздикти кыскартуу», 16-максат — «Тынчтык, адилеттүүлүк жана натыйжалуу институттар» жана 17-максат — «Туруктуу өнүгүү үчүн өнөктөштүк» максаттарына, ошондой эле Институттун комплекстүү иш планына ылайык ишке ашырылат.Программанын негизги максаты — биринчи курстун студенттерине уюштуруучулук, маалыматтык, окуу-усулдук жана социалдык-психологиялык колдоо көрсөтүү, алардын жогорку билим берүүнүн талаптарына ийгиликтүү ыңгайлашуусуна көмөктөшүү жана активдүү жарандык позициясын калыптандыруу.

Адаптациялык программаны ишке ашыруунун алкагында 28-сентябрдан 3-октябрга чейин Институттун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Аскарова Айнура Каныбековна жана директордун орун басары Ташиева Канымгүл Мадановна тарабынан төмөнкү багыттар боюнча бир катар иш-чаралар өткөрүлдү:

Уюштуруучулук-маалыматтык коштоо: биринчи курстун студенттерин институттун түзүмү, администрациясы, профессордук-окутуучулук курамы, кафедралары, ички тартип эрежелери жана окуу процессин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу.

Окуу-усулдук адаптация: студенттерди билим берүү программалары, окуу пландары, сабактардын жадыбалы, баалоо системасы, электрондук билим берүү ресурстары жана өз алдынча иштөөгө коюлган талаптар менен тааныштыруу.

Тарбиялык жана коомдук иштер: биринчи курстун студенттерине маданий-массалык, спорттук, илимий, ыктыярчылык жана коомдук иш-чаралар жөнүндө маалымат берүү.

Кесиптик багыт берүү: «Экономика», «Юриспруденция» жана «Социалдык иш» багыттары боюнча студенттерди келечектеги кесиптик компетенциялар жана бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу.

Жоопкерчилик маданиятын жана академиялык ак ниеттүүлүктү калыптандыруу: студенттерди академиялык этиканын нормалары, чынчылдык, өз ара урматтоо, мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги жана окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу принциптери менен тааныштыруу.

Адаптациялык программаны ишке ашыруу студенттердин ынтымактуу жамаатын калыптандырууга, окууга болгон мотивациясын жогорулатууга, кесиптик кызыгууларын өнүктүрүүгө жана алардын университеттин билим берүү жана коомдук турмушуна ийгиликтүү аралашуусуна өбөлгө түзөт.

Биринчи курстун студенттеринин адаптациясы — келечектеги адистин калыптанышындагы маанилүү этап, анын кесиптик өнүгүүсүнүн, инсандык өсүшүнүн жана университетте ийгиликтүү билим алуусунун негизи.