1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

19

1

«Улуу муунга көрсөтүлгөн урмат – коомдун адамгерчилигинин күзгүсү»

2026-жылдын 1-октябрында Бүткүл дүйнөлүк карылар күнүнө карата экономика жана укук Институтунун профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын «Социалдык иш» багытынын студенттери жана профессордук-окутуучулук курамы Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган жалгыз бой карыялардан кабар алып, аларды майрамы менен куттуктап келишти.

Жолугушуунун негизги максаты – улгайган адамдарга көңүл буруу, алардын коомдогу ордун жана кадыр-баркын белгилөө, жаш муун менен улуу муундун ортосундагы байланышты бекемдөө болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер жана окутуучулар карыяларга жылуу каалоо-тилектерин билдирип, алардын өмүр жолуна, акыл-насаатына жана коомго кошкон салымына терең урмат көрсөтүштү. Жолугушууда куттуктоо сөздөрү айтылып, майрамдык маанай тартуулоо максатында ыр-бийлер аткарылып, көңүл ачуучу чакан программа тартууланды. Ошондой эле карыяларга белектер тапшырылып, аларга ден соолук, узак өмүр, бейпил карылык жана ар дайым көңүл буруу менен камкордукта болуу каалоолору айтылды.

Айрыкча студенттер үчүн бул жолугушуу кесиптик гана эмес, адамгерчилик жана тарбиялык мааниси зор тажрыйба болду. Анткени социалдык иш адиси үчүн улгайган адамдар менен иштөө – материалдык жардам көрсөтүү менен гана чектелбейт. Алардын көңүлүн угуу, жалгыздыгын жеңилдетүү, коомго керектүү экенин сездирүү жана адамдык жылуулук тартуулоо да социалдык иштин маанилүү багыттарынын бири.

Улуу муун – коомдун тарыхый эс тутумун, турмуштук тажрыйбасын жана руханий баалуулуктарын алып жүргөн муун. «Улууну урматтоо – кичүүнүн парзы» деген кыргыз элинин салттуу түшүнүгү бүгүн да өз маанисин жоготкон жок.

Мындай иш-чаралар студенттердин боорукерлик, жоопкерчилик, адамды сыйлоо, коомдук активдүүлүк жана социалдык кызмат көрсөтүүнүн баалуулуктары тууралуу түшүнүгүн тереңдетип, келечектеги кесиптик ишине маанилүү багыт берет.