1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

15

1

“Эне тил аркылуу улуттук наркты калыптандыруу” аттуу “Мыкты видеоролик” сынагы

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 37 жылдыгына карата Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү-өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунда “Эне тил аркылуу улуттук наркты калыптандыруу” аттуу “Мыкты видеоролик” сынагы өткөрүлдү.

Сынактын негизги максаты – жаштар арасында кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатуу, мамлекеттик тилди урматтоого жана аны күнүмдүк турмушта кеңири колдонууга үндөө, ошондой эле студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо.

Сынактын жүрүшүндө студенттер тарабынан кыргыз тилинин байлыгы, эне тилдин улуттук өзгөчөлүктү сактоодогу орду, ата-бабалардан калган салт-санаа, каада-салт жана нарк-насил, мекенчилдик жана улуттук баалуулуктар темаларында мазмундуу жана чыгармачыл видеороликтер даярдалды.

Катышуучулар өздөрүнүн видеороликтеринде эне тил – улуттун руханий дөөлөтү, тарыхы жана маданиятынын күзгүсү экендигин чыгармачылык менен чагылдырышты. Ар бир видеороликте кыргыз тилин сүйүүгө, аны урматтоого жана келечек муундарга жеткирүүгө чакырыктар берилди.

Сынакка катышкан студенттердин эмгектери мазмунунун тереңдиги, чыгармачылык өзгөчөлүгү, теманын ачылышы, видеороликтин сапаты жана мамлекеттик тилди жайылтууга кошкон салымы боюнча бааланды.

Жыйынтыгында:

 I даражадагы диплом – Юк-2-25 тайпасынын видеоролигине;

 II даражадагы диплом – СКк-1-26 тайпасынын видеоролигине;

 III даражадагы диплом – ФКк-1-25 тайпасынын видеоролигине ыйгарылды.

Мындай иш-чаралар жаштардын мамлекеттик тилге болгон кызыгуусун арттырып, улуттук нарк-насилди, каада-салтты жана маданий мурастарды сактоого, ошондой эле кыргыз тилинин коомдогу ордун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Эне тил – улуттун уңгусу, улуттук нарктын өзөгү жана келечек муундарга калтырылган баа жеткис мурас!