1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

17

«УСТАТ — УЛУУ ЫСЫМ»

5-октябрь – Мугалимдер күнүнө карата ФКк-1-25 жана ФКк-1-2-26 тайпаларынын студенттери тарабынан «УСТАТ — УЛУУ ЫСЫМ» аталышындагы майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – жаш муунга билим берип, тарбиялап, келечекке багыт көрсөткөн устаттарга урмат-сый көрсөтүү, алардын коомдогу жана билим берүү тармагындагы ордун даңазалоо болду.

Майрамдык кечеде куттуктоо сөзү кафедра башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Э.Н. Төлөновго, Экономика жана укук институтунун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор А.К. Аскаровага, ошондой эле Агрардык-техникалык институттун директору экономика илимдеринин доктору, профессор А.Б. Карбековага берилди. Алар мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, жоопкерчиликтүү жана ардактуу эмгектерине ийгиликтерди каалашты.

Кеченин программасы мазмундуу жана кызыктуу өттү. Студенттер тарабынан мугалимдерге арналган куттуктоолор айтылып, ырлар аткарылды, бийлер тартууланды жана көркөм окуулар жаңырды. Ар бир чыгармачылык номерде студенттердин устаттарга болгон урмат-сыйы, ыраазычылыгы жана жылуу каалоолору чагылдырылды.

Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү катары мугалимдерге атайын номинациялар тапшырылды. Бул номинациялар окутуучулардын кесипкөйлүгүн, чыгармачылыгын, студенттер менен иштөөдөгү өзгөчө сапаттарын жана билим берүү тармагына кошкон салымын белгилөөгө багытталды.

Кеченин соңунда 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча «Жылдын мыкты куратору» жана «Жылдын мыкты тайпасы» номинацияларынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Бул сыйлыктар окуу-тарбия иштеринде, коомдук жана маданий иш-чараларда жигердүүлүк көрсөткөн кураторлордун жана студенттик тайпалардын эмгегине берилген жогорку баа болду.

«УСТАТ — УЛУУ ЫСЫМ» аталышындагы майрамдык иш-чара жылуу маанайда өтүп, мугалим менен студенттин ортосундагы өз ара урмат-сыйды дагы бир ирет айгинеледи.

Урматтуу устаттар, сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бекем ден соолук, бакубат жашоо, чыгармачылык ийгиликтерди жана шакирттериңиздердин жетишкендиктери менен сыймыктанып жүрө берүүнү каалайбыз!

Устат - билимдин булагы, тарбиянын башаты, келечекке жол көрсөткөн улуу ысым.