1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

26

1

Финансылык сабаттуулук — финансылык бакубаттуулуктун негизи

2026-жылдын 28-сентябрында БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруунун алкагында, атап айтканда, ТӨМ 1 «Жакырчылыкты жоюу» жана ТӨМ 4 «Сапаттуу билим берүү» максаттарына ылайык, ошондой эле финансылык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу жана жеке финансыларды жоопкерчилик менен башкаруу көндүмдөрүн калыптандыруу максатында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү-өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунун окутуучулары финансылык сабаттуулук боюнча семинарга катышты.

Иш-чарага экономика жана укук Институтунун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Аскарова Айнура Каныбековна, профессор Карбекова Азиза Баймаматовна, доцент Эргешова Тамара Абдивалиевна, улук окутуучу Акматова Анара Толкунбековна жана окутуучу Абдыманап кызы Нурия катышты.

Семинардын жүрүшүндө жеке финансыларды башкаруу, кирешелерди жана чыгашаларды пландаштыруу, жеке бюджетти түзүү, каражат топтоо жана финансылык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча актуалдуу маселелер каралды.

Өзгөчө көңүл финансылык коопсуздукка, насыяларга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жана накталай эмес төлөмдөрдү туура пайдаланууга, ошондой эле финансылык алдамчылыктын алдын алууга бурулду. Катышуучулар үй-бүлөлүк бюджетти туура пландаштыруу жана негиздүү финансылык чечимдерди кабыл алуу боюнча практикалык сунуштарды алышты.

Семинардын алкагында пикир жана тажрыйба алмашуу болуп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, жеке жана үй-бүлөлүк финансыларды башкарууга байланыштуу турмуштук кырдаалдарды талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.

Мындай иш-чараларды өткөрүү жаштардын финансылык маданиятын, өз алдынчалыгын жана акча каражаттарына жоопкерчиликтүү мамилесин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Бул сапаттуу билим берүүнүн жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Экономика жана укук Институтунун окутуучуларынын мындай иш-чараларга катышуусу алардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле финансылык сабаттуулук боюнча билимдерди жана практикалык инструменттерди окуу процессине мындан ары киргизүүгө өбөлгө түзөт.