1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

22

1

Республикалык ишембилик: айлана-чөйрөнү тазалоого жана көрктөндүрүүгө кошкон салым

2026-жылдын 19-сентябрында республикалык ишембиликтин алкагында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү-өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунда ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликке Институттун жетекчилиги, профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлери активдүү катышты. Ишембиликтин жүрүшүндө институттун жана ага чектеш аймактар тазаланып, тиричилик калдыктары чогултулуп, жашыл зоналар жана жалпы пайдалануудагы аймактар иретке келтирилди.

Ишембиликти өткөрүүнүн негизги максаты — экологиялык маданиятты калыптандыруу, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга, тазалыкты жана коомдук жайларды көрктөндүрүүгө жоопкерчиликтүү мамилени жогорулатуу, ошондой эле жамааттын ынтымагын жана биргелешип иш алып баруусун бекемдөө.

Мындай иш-чаралар туруктуу өнүгүү принциптерин жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашырууда өзгөчө мааниге ээ. Атап айтканда, ТӨМ 11 «Туруктуу шаарлар жана калктуу конуштар» жана ТӨМ 12 «Жоопкерчиликтүү керектөө жана өндүрүш» максаттарына шайкеш келет.

Экономика жана укук Институтунун жамааты таза, көрктүү жана ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө өз салымын кошууну улантууда.