1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

26

1

Эне тилим – түбөлүктүн мурасы

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы “Сапаттуу билим берүү” принцибин ишке ашыруу жана куратордук иш планынын негизинде, 2026-жылдын 23-сентябрында «Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын БЭк-1-25 тайпасында Мамлекеттик тил күнүнө карата «Эне тилим – түбөлүктүн мурасы» деген темада  куратордук саат болуп өттү.

Кыргыз тили — мамлекеттүүлүгүбүздүн башкы белгиси, элибиздин биримдиги менен ынтымагынын бекем пайдубалы жана түгөнбөс руханий казынабыз.

Тарбиялык иш-чарада студенттер эне тилибиздин тарыхый басып өткөн жолун, улуулугун жана нарк-населин даңазалаган көркөм ырларды окуп, мазмундуу баяндамаларды жасашты. Ошондой эле мамлекеттик тилдин маанисин даңазалаган видео-презентация көрсөтүлүп, атайын даярдалган дубал гезиттердин көргөзмөсү тартууланды.

Иш-чарага экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, тарбия иштери боюнча жооптуу окутуучу Б.А. Аширалиева, окутуучу Ч.Орозова  жана БЭк-1-25 тайпасынын куратору Н. Абдыманап кызы катышты.