1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

36

1

«Тил-элдин жаны, улуттун келечеги»  аттуу Мамлекеттик тил күнүнө карата куратордук саат

2026-жылдын 23-сентябрында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунунда Мамлекеттик тил күнүнө карата «Тил – элдин жаны, улуттун келечеги» аттуу илимий-тарбиялык максатта куратордук саат болуп өттү.

Иш-чараны Профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучусу, куратор Раатбек Зарылбеков СК-1-26 жана СКк-1-25 тайпаларынын студенттери менен биргеликте уюштурду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик тил гимни жаңырып, университеттин, институттун жетекчилиги жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамы куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Ошондой эле, кафедранын доценти Г.Т.Токтогулова кыргыз тили боюнча баяндама жасап, маңыздуу презентациясын Социалдык иш багытынын студенттерине тааныштырды. Студенттер да кыргыз тилинин тарыхый мааниси жана улуттук мурас катары ээлеген орду тууралуу баяндамаларды жасап, көркөм ырларды окушту. Ошондой эле комуз күүсү чертилип, улуттук бийлер аткарылып, тилге арналган суроо-жооп оюну уюштурулуп, тематикалык дубал газета тартууланды.