1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

34

1

«Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» деген темада куратордук саат

2026-жылдын 18-сентябрь күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика жана укук Институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасында БЭк-1-26 тайпасынын студенттери үчүн «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» деген темада тарбиялык куратордук саат болуп өттү. Куратордук саатка экономика жана укук Институтунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Ташиева Канымбү Мадановна, кафедранын доценти Мамыралиева А. Т. жана окутуучу Абдыманап кызы Нурия катышышты.

Иш-чара тайпанын куратору Садыралиев Жандаралы тарабынан уюштурулуп, анын негизги максаты — студенттерге улуттук баалуулуктарды, тарыхый мурастарды жана залкар инсандарыбыз калтырган руханий казынаны терең түшүндүрүү, ошондой эле жаштардын бойлоп өсүүсүнө, мекенчилдик сезимин ойготууга жана дүйнөлүк билим-илимдин туу чокуларына умтулуусуна багыт берүү болду.

Куратордук сааттын жүрүшүндө куратор Жандаралы Садыралиев улуттук каада-салт, ар-намыс жана биримдик идеялары заманбап билим менен жуурулушканда гана эл аралык деңгээлдеги бийиктиктерди багынтууга боло тургандыгын баса белгиледи. Студенттер активдүү катышып, улуттук дем-күч, жаштардын коомдогу орду жана келечекке болгон пландары тууралуу өз ойлорун ортого салышты.

Иш-чаранын соңунда куратор студенттерди терең билим алууга, улуттук намысты бийик тутууга жана мекендин өнүгүшүнө өз салымын кошкон татыктуу адистерден болууга чакырды.