1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

31

1

“Чыңгыз Айтматов — кыргыз элинин кылымда бир жаралган залкар уулу, улуттук сыймыгы”  аттуу куратордук саат

2026-жылдын 18-сентябрь күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика жана укук Институтунда кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык юбилейине карата ЭУП-1-26 тайпасынын студенттерине майрамдык куратордук саат өткөрүлдү. Куратордук саатка экономика жана укук Институтунун окуу - тарбия иштери боюнча орун басары Ташиева Канымбү Мадановна, кафедранын доценти Мамыралиева А.Т жана окутуучу Абдыманап кызы Нурия катышышты

Иш-чара тайпанын куратору Жамашева Гүлбара Султанбековна тарабынан уюштурулуп, анын негизги максаты — дүйнөгө аты таанылган улуу жазуучунун өмүр жолун, бай адабий мурасын студенттерге тереңирээк тааныштыруу, анын чыгармаларындагы адамгерчилик, мекенчилдик жана ндеп-ахлактык бийик баалуулуктарды даңазалоо болду.

Куратордук сааттын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка кошкон баа жеткис салымы, анын калың журтту толкунткан белгилүү чыгармалары тууралуу кенен баяндама жасалды. Студенттер залкар жазуучунун каармандарынын бейнеси, алардын ндеп-ахлактык тандоолору тууралуу жигердүү пикир алышып, чыгармалардан үзүндүлөрдү аткарып беришти.

Иш-чаранын соңунда куратор студенттерди залкар жазуучунун мурастарын тереңдеп үйрөнүүгө, китеп окуу маданиятын жогорулатууга жана Айтматов калтырган бийик ндеп-ахлактык принциптерди жашоодо туу тутууга чакырды.