1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

32

1

«Манас» эпосу – улуттук сыймыгыбыз жана руханий казынабыз

2026-жылдын 18-сентябрь күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика жана укук Институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын окутуучусу Орозова Чыныгүл Самидиновна тарабынан ФКк-1-2-26 тайпаларынын студенттерине «Манас эпосу — кыргыз элинин тарыхый жана руханий мурасы» деген темада куратордук саат өткөрүлдү. Куратордук саатка экономика жана укук Институтунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Ташиева Канымбү Мадановна, кафедранын доценти Мамыралиева А.Т жана окутуучу Абдыманап кызы Нурия катышышты.

Куратордук сааттын негизги максаты — жаштарга кыргыз элинин улуу мурасы болгон «Манас» эпосунун тарыхый маанисин, андагы ата-журтту сүйүү, биримдик, адеп-ахлак жана эркиндик идеяларын кеңири түшүндүрүү, ошондой эле студенттердин мекенчилдик сезимин ойготуу жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо болуп саналды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Чыныгүл Самидиновна «Манас» эпосунун дүйнөлүк маданияттагы орду, андагы адеп-ахлактык сыпаттар жана муундан-муунга өтүп келген тарыхый казына катары маанилүүлүгү тууралуу кеңири баяндама жасады. Студенттер жигердүү катышып, эпостогу каармандардын эрдиги, биримдик менен ынтымактын мааниси тууралуу өз пикирлерин билдиришип, суроо-жооптор менен коштолду.

Тайпа куратору студенттерди улуттук каада-салтты, тарыхты жана маданий мурастарды аздектеп сактоого, андан үлгү алып, билимдүү да, адептүү да инсан болуп калыптанууга чакырды.