1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

30

1

Б. Осмонов атындагы ЖАМУ менен Ө. А. Байконуров атындагы Жезказган университетинин ортосундагы кызматташтык

2026-жылдын 17-сентябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Казакстан Республикасынын Ө. А. Байконуров атындагы Жезказган университетинин ортосунда онлайн форматта кызматташтык жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чарага ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Сталбек Жеңишбекович Куваков, экономика жана укук Институтунун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Аскарова Айнура Каныбековна жана экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар төмөнкү негизги багыттар боюнча пикир алышып, эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты:

Академиялык мобилдүүлүк: экономика жана ишканаларды башкаруу профили боюнча студенттердин жана магистранттардын эки тараптуу академиялык мобилдүүлүгүн уюштуруу;

Тажрыйба алмашуу: жаш окутуучулардын жана изилдөөчүлөрдүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу жана онлайн лекцияларды өткөрүү;

Эл аралык кызматташтык: эки окуу жайдын ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоо жана келечекте биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу.

Жолугушуунун соңунда тараптар макулдашылган багыттар боюнча иш-чараларды этап-этабы менен ишке ашырууга жана эки окуу жайдын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты активдүү улантууга макулдашышты.