1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

40

1

«Манас» эпосуна, Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына, «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна арналган куратордук сааттар

2026-жылдын 16-сентябрында «Манас» эпосуна, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына, «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна арналган экономика жана укук Институтунун «Юриспруденция» багытынын студенттери үчүн куратордук сааттар өткөрүлдү.

Лекциянын жүрүшүндө «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун мазмунуна философиялык талдоо жүргүзүлүп, анын улуттук аң-сезимди, жарандык жоопкерчиликти, мекенчилдикти жана жаш муундун руханий-адептик баалуулуктарын калыптандыруудагы мааниси белгиленди.

Ошондой эле жаш муун үчүн маанилүү багыт катары улуу «Манас» эпосундагы осуяттар жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы терең философиялык идеялар негиз кылып алынды. Кураторлор чыныгы мекенчилдик өз маданиятын сүйүүдөн, улуттук баалуулуктарды урматтоодон жана сапаттуу билим алуу аркылуу өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуудан башталарын баса белгилешти.

Студенттер улуу чыгармаларда чагылдырылган биримдик, адамгерчилик, адилеттүүлүк жана жоопкерчилик сыяктуу баалуулуктардын заманбап инсандын калыптанышына жана кесиптик ийгиликтерге жетишүүсүнө тийгизген таасири тууралуу кызуу пикир алышты.