1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

41

1

Экономика жана укук Институтунун биринчи курстарынын студенттеринин билим жана илим дүйнөсүнө алгачкы кадамдары

2026-жылдын 15-сентябрында биринчи курстун студенттери үчүн жашоонун жаңы баскычы башталды. Жаштар алгачкы жолу ЖАМУнун босогосун аттап, университеттин, окутуучулардын жана болочок кесиптештеринин чөйрөсү менен таанышты. Бул күн алар үчүн студенттик жашоого жасалган алгачкы кадам болуп калды.

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин  Экономика жана укук институтунун «Юриспруденция», Экономика, Социалдык иш адистигинин окутуучулары Институттун директорунун катышуусунда жаңы кабыл алынган студенттер үчүн салтанаттуу жолугушууларды, кампус боюнча экскурсияларды жана алгачкы таанышуу лекцияларын уюштурушту. Кечээки мектеп окуучулары өздөрү билим ала турган окуу жайдын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, кеңири лекциялык кааналарды жана заманбап окуу жайларын көрүштү. Бүгүнтөн тартып бул аймак алар үчүн билим алып, кесиптик жактан калыптана турган экинчи үйүнө айланат.

Бул алгачкы кадам — жөн гана окуунун башталышы эмес, илимдин, билимдин жана кесиптик өнүгүүнүн чоң дүйнөсүнө жасалган кадам. Студенттерди алдыда алгачкы илимий ачылыштар, изилдөө долбоорлору жана өз кесибинин тажрыйбалуу адистери менен жолугушуулар,  бир нече жылдык изденүү, өжөр эмгек жана жаңы билимдерди өздөштүрүү күтүп турат. Ал эми окуу жай менен болгон алгачкы таанышуу — студенттик жашоонун башталышын билдирген бул жаркын күн — алардын эсинде узакка сакталары шексиз.