1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

143

1

15-сентябрь – Билим күнү, «Манас» эпосу жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу

2026-жылдын 15-сентябрь күнү – Билим күнүнө карата, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында Экономика жана укук институтунун профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасында «Манас» эпосу жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча куратордук саат өткөрүлдү.

Иш-чарага Экономика жана укук институтунун профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын жалпы профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Куратордук сааттын жүрүшүндө кафедра башчысы, ф.и.к., доцент Р.К. Шамшиев сөз сүйлөп, студенттерди жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен куттуктады. Өз сөзүндө ал билимдин адамдын жана коомдун өнүгүүсүндөгү ордуна токтолуп, жаштарды сапаттуу билим алууга, илим-билимге умтулууга жана улуттук баалуулуктарды урматтоого чакырды.

Ошондой эле Экономика жана укук институтунун директору, профессор А.К. Аскарова куттуктоо сөзүн сүйлөп, студенттерге жаңы окуу жылында ийгиликтерди, изденүүнү жана алдыга коюлган максаттарына жетишүүнү каалады. Ал жаштардын сапаттуу билим алышы өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү экендигин белгилеп, студенттик мезгилди натыйжалуу пайдаланууга чакырды.

Куратордук сааттын негизги бөлүгүндө ф.и.к., доцент Г.Т. Токтогулова жалпы социалдык иш багытында билим алып жаткан студенттерге «Манас» эпосунун кыргыз элинин руханий жана маданий мурасындагы орду, улуттук нарк-насил жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун мааниси тууралуу лекция окуду. Өзгөчө көңүл «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун мамлекеттик маанисине жана анын коомдун өнүгүүсүндөгү ордуна бурулду. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө» Жарлыгы менен «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу бекитилген. Анда мамлекеттин, коомдук-саясий жана жарандык институттардын ишин бир нукка салуу, күчтүү мамлекетти куруу, коомдун биримдигин чыңдоо жана нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандыруу максаттары белгиленген. Ошондой эле илим, билим берүү, экономика, маданият жана коомдук турмуштун башка багыттарын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилген.

Лекциянын жүрүшүндө «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун мазмунуна философиялык талдоо жүргүзүлүп, анын улуттук аң-сезимди, жарандык жоопкерчиликти, мекенчилдикти жана жаш муундун руханий-адептик баалуулуктарын калыптандыруудагы мааниси белгиленди.

 Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы адамзаттык баалуулуктар, мекенчилдик, адеп-ахлак, руханий бийиктик жана адамдын коомдогу жоопкерчилиги тууралуу пикирлер айтылды.

Иш-чаранын алкагында социалдык иш багыты боюнча окуу жайга жаңы кабыл алынган 1-курстун студенттерин кабыл алуу аземи да болуп өттү. Жаш студенттерге университеттик чөйрөгө ийгиликтүү ыңгайлашып, тандаган кесибин терең өздөштүрүп, келечекте коомго пайдалуу, билимдүү жана жоопкерчиликтүү адис болууга багыт берген каалоо-тилектер айтылды. «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун маанисине философиялык анализ жасалды.

Куратордук саат мазмундуу баарлашуу менен коштолуп, студенттердин улуттук мурастарга болгон кызыгуусун арттырууга, мекенчилдик сезимин күчөтүүгө жана руханий баалуулуктарды аздектөөгө багытталды.

Иш-чаранын соңунда профессордук-окутуучулук курам студенттерге жаңы окуу жылында ийгиликтерди каалап, билим алууда жана кесиптик жактан өсүүдө ар дайым изденүү, аракет жана жоопкерчилик маанилүү экендигин белгилешти.