1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

15

1

Жаш окутуучуларга насаатчылык – кесиптик өсүүнүн кепилдиги

Экономика жана укук институтунда жаш окутуучулардын кесиптик калыптанышына өзгөчө көңүл бурулат. Алардын билим берүү чөйрөсүнө ийгиликтүү ыңгайлашуусун жана кесиптик өнүгүүсүн камсыз кылуунун натыйжалуу механизмдеринин бири болуп тажрыйбалуу окутуучулардын насаатчылык системасы саналат. Бул система кесиптик тажрыйбаны бөлүшүүгө, педагогикалык чеберчиликти өркүндөтүүгө жана билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга багытталган.

Ар бир жаш окутуучуга институттун алдыңкы профессордук-окутуучулук курамынан тажрыйбалуу насаатчы бекитилет. Алсак, стажёр-окутуучу Козукеева Анжеликага профессор Аскарова Айнура Каныбековна насаатчы катары активдүү жетекчилик кылууда. Биргелешкен ишмердүүлүктүн жүрүшүндө окуу сабактарын даярдоо жана өткөрүү, окуу-усулдук материалдарды иштеп чыгуу, заманбап билим берүү технологияларын колдонуу, илимий-изилдөө иштерин уюштуруу жана студенттер менен тарбиялык иштерди жүргүзүү боюнча усулдук жана практикалык жардам көрсөтүлдү.

Насаатчылык программасынын алкагында сабактарга өз ара катышуу, усулдук консультациялар, ачык лекциялар, мастер-класстар, тегерек столдор жана семинарлар уюштурулуп, жаш окутуучуга педагогикалык чеберчиликти өркүндөтүү, кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү жана студенттер менен натыйжалуу иш алып баруу боюнча сунуштар берилди.

Мындай кызматташтык жаш адистердин билим берүү чөйрөсүнө ийгиликтүү көнүгүшүнө, алардын кесиптик ишениминин калыптанышына, чыгармачылык дараметинин өнүгүшүнө жана институттун илимий, окуу жана коомдук иштерине активдүү катышуусуна өбөлгө түзөт.

Экономика жана укук институту жаш окутуучулардын кесиптик өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү мындан ары да улантып, насаатчылыкты жогорку квалификациялуу педагогикалык кадрларды даярдоонун жана жогорку билим берүүнүн сапатын камсыз кылуунун маанилүү куралы катары карайт.