1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

16

1

Сибирь керектөө кооперациясынын университетиндеги академиялык мобилдүүлүк

БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принцибине ылайык, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо максатында, 2026-жылдын 15-июнунан 26-июнуна чейин илимдин кандидаты, «Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын доценттин милдетин аткаруучусу, Жороева Айнура Маматовна Россия Федерациясынын Новосибирск шаарындагы Сибирь керектөө кооперациясынын университетинде (СибУПК) академиялык мобилдүүлүк программасынан өттү.

Иш сапардын алкагында тараптар «Билим берүү уюмдарындагы коммуникациялык тобокелдиктер: башкаруучулук, экономикалык жана педагогикалык аспектилер» аттуу тема боюнча илимий кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту. Бул илимий багыт билим берүү уюмдарынын ичиндеги коммуникация процессинде жаралуучу тобокелдиктерди комплекстүү талдоону, ошондой эле аларды башкаруунун натыйжалуулугу, экономикалык максатка ылайыктуулугу жана педагогикалык практиканын көз карашынан кароону камтыйт.

Академиялык мобилдүүлүктүн жүрүшүндө А.М. Жороева СибУПКнын кесиптештери менен тажрыйба алмашып, россиялык өнөктөштөрдүн окуу-методикалык жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн ыкмалары менен таанышты. Ошондой эле биргелешкен илимий макалаларды даярдоо жана илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу багытындагы мындан аркы кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Кызматташтыктын жыйынтыктары ЖАМУнун эл аралык илимий байланыштарын өнүктүрүүгө, кафедранын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн сапатын жогорулатууга, ошондой эле билим берүү уюмдарындагы коммуникациялык тобокелдиктерди башкаруу жаатында алдыңкы тажрыйбаларды кеңири алмашууга өбөлгө түзөт.