1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

63

1

Экономика жана укук Институтунун 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы

2026-жылдын 24-июнунда «Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунда кеңейтилген окумуштуулар кеңешинин жыйыны өтүп, анда 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылды.

Жыйында Институттун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Аскарова Айнура Каныбековна аткарылган иштер боюнча кеңири баяндама жасады. Ал өз баяндамасында окуу, окуу-усулдук, илимий-изилдөө жана тарбиялык иштердин жыйынтыктарына, ошондой эле студенттердин өндүрүштүк практикаларын уюштуруу жана өткөрүү боюнча аткарылган иштерге кеңири токтолду.

Жыйынга окуу бөлүмүнүн башчысы Мирзахмедова Айнура Абдухалиловна, карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Нурия Жолдошалиева, ошондой эле окуу бөлүмүнүн кызматкери Эргешова Тамара Абдивалиевна катышты.

Жыйындын жүрүшүндө отчеттук мезгилдеги Институттун негизги жетишкендиктери кеңири талкууланып, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуу процессин уюштурууну жана тарбиялык иштерди өркүндөтүү маселелери, ошондой эле илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралды.

Талкуунун жыйынтыгында 2026–2027-окуу жылына карата артыкчылыктуу милдеттер аныкталды. Алар билим берүүнүн сапатын мындан ары жогорулатууга, билим берүү программаларын өркүндөтүүгө, илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн активдештирүүгө, иш берүүчүлөр жана өндүрүштүк мекемелер менен кызматташууну чыңдоого, ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталды.