1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

74

1

Бош жумуш орундар жарманкеси: экономика жана укук Институтунун бүтүрүүчүлөрү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

2026-жылдын 17-июнунда “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана жумуш берүүчүлөр менен кызматташтыкты чыңдоо максатында «Бош жумуш орундар жарманкеси» өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты бүтүрүүчүлөр менен мамлекеттик мекемелердин, каржы уюмдарынын, ишканалардын жана бизнес түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн түз байланыш түзүүсүнө шарт түзүү болду. Жарманке жаш адистерге бош жумуш орундар, жумушка орношуу талаптары жана кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүк берди.

Иш-чарага ЖАМУнун Академиялык саясат департаментинин начальниги, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Б.М. Турдубаева, Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Б. Шамиев, Экономика жана укук институтунун директору, профессор А.К. Аскарова, өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү, окутуучулар жана бүтүрүүчүлөр катышышты.

Жарманкеге Манас шаарынын ички иштер башкармалыгы, Манас шаарынын Жаш ишкерлер ассоциациясы, Жалал-Абад облустук Юстиция башкармалыгы, Элдик банк, Eco Islamic Bank, манас шаарынын статистика башкармалыгы, Компаньон банкы, «Оксус» микрокредиттик компаниясы, «Байлык Финанс» МККсы жана башка уюмдар катышып, өздөрүнүн ишмердүүлүгүн тааныштырышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Б.М. Турдубаева бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштурууда мындай жарманкелердин мааниси чоң экенин белгилеп, жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногундагы ийгилиги экендигин айтты. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу деңгээлин, кесиптик өсүүсүн жана жумуш берүүчүлөрдүн баасын чагылдырган Graduate Performance Index (GPI) көрсөткүчүнүн маанисине токтолду.

Жарманкенин жүрүшүндө жумуш берүүчүлөр өз мекемелеринин ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берип, бош жумуш орундарын сунуштап, бүтүрүүчүлөр менен маектешүүлөрдү өткөрүштү. Ошондой эле студенттер өндүрүштүк практика учурунда өнүктүрүшү керек болгон көндүмдөр боюнча сунуштарын беришти.

Өткөрүлгөн иш-чара бүтүрүүчүлөр менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосунда түз байланыштарды түзүүгө, жаш адистердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана алардын кесиптик өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга өбөлгө түздү.

Жыйынтыгында Экономика жана укук институту менен өнөктөш уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү жана эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча кызыкдарлык билдирилди.