1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

61

1

Мамлекеттик аттестацияны уюштуруу

2026-жылдын 5-июнунда 2025–2026-окуу жылындагы экономика жана укук Институтунун бакалавриат жана магистратура программаларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн дисциплиналар аралык жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны, магистрдик диссертацияларды жана бүтүрүүчү квалификациялык иштерди коргоону жогорку деңгээлде, ачык-айкын жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербестен өткөрүү максатында бир катар уюштуруу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Юк-1-22, ФКк-1-22, СКк-1-22 жана Юмаг-1-24 тайпаларынын студенттери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алар 2026-жылдын 19-майындагы №143 «Мамлекеттик аттестацияны уюштуруу жөнүндө» буйругу менен тааныштырылды.

Мамлекеттик аттестацияны өткөрүүдө академиялык ак ниеттүүлүктү камсыз кылуу, студенттер үчүн бирдей шарттарды түзүү жана алардын билим деңгээлин объективдүү баалоо негизги талаптар катары белгиленди. Ушуга байланыштуу мамлекеттик аттестациянын жана бүтүрүү иштерин коргоонун жүрүшүндө студенттер тарабынан уюлдук телефондорду, смартфондорду, акылдуу сааттарды жана башка байланыш каражаттарын пайдаланууга тыюу салынды. Чогулуштун жыйынтыгында протокол түзүлүп, бүтүрүүчүлөргө тааныштырылып, таанышкандыгы тууралуу алар кол коюшкан