1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

30

1

«САНАРИП ДООРУНДАГЫ ЖОЖ МЕНЕН ҮЙ-БҮЛӨНҮН БИРДИКТҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ»

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине ылайык, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо максатында, 2026-жылдын 20-майында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунда «САНАРИП ДООРУНДАГЫ ЖОЖ МЕНЕН ҮЙ-БҮЛӨНҮН БИРДИКТҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ» аталышындагы илимий-практикалык конференциясы уюштурулду. Анда профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан аталган теманын алкагында илимий-практикалык конференциясы 540200 "Социалдык иш" багытынын алкагында заманбап глобализация жана санариптештирүү шарттарында жогорку окуу жайлары менен үй-бүлө институттарынын өз ара аракеттенүүсүнүн теориялык жана практикалык негиздерин иштеп чыгууну максат кылды.

Иш-чаранын алгачкы бөлүгүндө кафедра башчысы, ф.и.к., доцент Р.К. Шамшиев жана окутуучулар курамы чакырылган ата-энелерди университеттин заманбап материалдык-техникалык базасы, инновациялык шарттары жана окуу корпустары менен кеңири тааныштырып чыгышты. Бул багыттагы иш-аракеттер билим берүү процессинин ачыктыгын камсыз кылууга жана ЖОЖ менен үй-бүлөнүн ортосундагы социалдык-институционалдык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.

Илимий-практикалык конференциянын расмий бөлүгүндө кафедра башчысы куттуктоо сөзү менен чыгып, санариптик трансформация шартында студенттерди калыптандыруудагы комплекстүү мамиленин маанилүүлүгүн белгиледи. Экономика жана укук институтунун директору, э.и.д., профессор А.К. Аскарова өзүнүн кириш сөзүндө студенттердин окуу процессине түз катышуусунда жана академиялык жетишүүсүндө үй-бүлөнүн ролу өзгөчө чоң экендигин баса белгиледи. Профессор өз баяндамасында билим берүүнүн сапатын жогорулатууда жана институттун өнүгүү тенденцияларында ата-энелер менен болгон тыгыз байланыш негизги факторлордун бири экендигин баса белгиледи.

Кафедранын илимий-изилдөө иштери боюнча жооптуусу, ф.и.к., доцент Г.Т. Токтогулова «Санариптик мейкиндикте илимий-изилдөө иштерин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү» деген темадагы баяндамасында санариптик технологиялардын илимий платформаларды өнүктүрүүдөгү ролуна талдоо жүргүздү. Ал эми кафедранын кесиптик практика боюнча жооптуу улуу окутуучусу Ы.М. Кожоназарова «Кесиптик практика – студенттердин компетенттүүлүгүн калыптандыруунун негизи» аттуу билдирүүсүндө болочок социалдык кызматкерлердин кесиптик компетенттүүлүгүн праксеологиялык аспектиде калыптандыруу маселелерин ортого салды.

Илимий баяндамалардан кийин катышуучулардын ортосунда конструктивдүү суроо-жооптор жана дискуссиялар жүрдү. Конференциянын алкагында төмөнкүдөй натыйжаларга жетишти:  Санариптик коомдо ЖОЖ менен үй-бүлөнүн бирдиктүү маалыматтык-тарбиялык мейкиндигин түзүү боюнча сунуштар ийгиликтүү иштелип чыкты. Илимий, окуу жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди, активдүү катышкан ата-энелерди жана студенттерди салтанаттуу сыйлоо аземи өттү.

Илимий-практикалык конференциясы боюнча кабыл алынган резолюция жогорку окуу жайларында "Социалдык иш" багыты боюнча билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана үй-бүлө институту менен байланышты бекемдөөгө багытталган илимий-методикалык сунуштама катары колдонулат. Иш-чаранын жыйынтыгында студенттердин катышуусунда улуттук баалуулуктарды жана кесиптик деңгээлди чагылдырган "Маанай чамгарагы" аттуу маданий-эстетикалык программа уюштурулуп, мындай илимий-практикалык конференциялар мында ары да улантылмакчы.