1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

22

1

ЭЛЕКТИВДҮҮ ДИСЦИПЛИНАЛАР – САНАРИПТИК КООМДОГУ СОЦИАЛДЫК ИШТИН НЕГИЗИ: ЖАМУнун СТУДЕНТТЕРИ 2026-2027-ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА КЕСИПТИК ТРАЕКТОРИЯСЫН ТАНДАШТЫ

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине ылайык, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо максатында, 2026-жылдын 19-майында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунда профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасында даярдалып жаткан  540200 – Социалдык иш багытынын студенттери үчүн 2026-2027-окуу жылына карата элективдүү (тандоо курсу) дисциплиналарды аныктоо процесси ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Студенттердин жеке каалоосун, заманбап эмгек рыногунун жана санариптик коомдун талаптарын эске алуу менен өздөрүнүн кесиптик багытын эркин тандоого шарт түзөт. Академиялык мониторингдин жана студенттердин расмий суроо-талаптарынын негизинде төмөнкү актуалдуу тандоо курстары окуу планына төмөндөгүчө бекитилди:

Күндүзгү окуу формасы (4 жылдык)

Социалдык иштеги психология (3-семестр, 4 кредит),Социалдык иштеги коммуникативдик технологиялар (3-семестр, 4 кредит), Иш өндүрүшү (4-семестр, 4 кредит) Социология (4-семестр, 3 кредит),Социалдык квалиметрия, сапатты баалоо жана социалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартизациясы (7, 8-семестрлер, 4 кредит)

Сырттан окуу формасы (5 жылдык)

Иш өндүрүшү (5 жана 10-семестрлер, 4 кредиттен), Социалдык антропология (5-семестр, 6 кредит), КРнын социалдык саясаты (6-семестр, 5 кредит), Социалдык квалиметрия жана стандартизация (9, 10-семестрлер, 6 кредит).

Жыйынтыгында бардык дисциплиналар интерактивдүү методдор менен өтүлөт, студенттердин билими аралык көзөмөл (модуль) жана акыркы зачет/экзамендер аркылуу ачык-айкын бааланат.