1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

19

1

540200 „Социалдык иш“ багытындагы заманбап практикалык ишмердүүлүктүн натыйжалары жана отчеттуулук тутуму

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине ылайык, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо максатында, 2026-жылдын 15-майында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасында даярдалып жаткан 540200 «Социалдык иш» багытынын күндүзгү жана сырттан окуу формаларынын студенттеринин бардык деңгээлдеги практикалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары анализденди.

Практикалык даярдоонун натыйжасында болочок адистердин төмөнкүдөй негизги компетенттүүлүктөрү калыптанды: Студенттердин теориялык билимдери реалдуу социалдык мекемелердин «Жол карталары» жана иш тажрыйбасы менен натыйжалуу айкалыштырылып, комплекстүү отчеттук документтер корголду. Заманбап коомдун талаптарына ылайык, социалдык коргоо тутумундагы санариптик ресурстарды башкаруу, кагазсыз технологияларды колдонуу жана маалымат коопсуздугун камсыздоо маданияты иш жүзүндө өздөштүрүлдү. Бенефициарлар менен иштөөдө этикалык ченемдерди, купуялуулукту жана кесиптик жоопкерчиликти сактоо көндүмдөрү бекемделди.

 Жыйынтыгында практикалардын ийгиликтүү корутундуланышы студенттерди жөн гана кызмат көрсөтүүчү эмес, коомдун адамдык капиталын өстүрүүчү жана социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыздоочу инновациялык, атаандаштыкка жөндөмдүү кесипкөй адистер катары калыптангандыгын илимий негизде тастыктай алат.