1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

21

«ГЛОБАЛДЫК ДҮЙНӨДӨГҮ КЫРГЫЗСТАН: ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН – 2026 САММИТИ ЖАНА ЖАШТАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ»

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине ылайык, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо максатында, 2026-жылдын 25-майында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика жана укук Институтунда маанилүү иш-чара уюштурулду. Анда профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан аталган теманын алкагында кеңири илимий талдоо жүргүзүлдү. Профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулук жаматы «ГЛОБАЛДЫК ДҮЙНӨДӨГҮ КЫРГЫЗСТАН: ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН – 2026 САММИТИ ЖАНА ЖАШТАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ» деген темада кеңири илимий талдоо жүргүзүлдү. Иш-чарага кафедра башчысы, ф.и.к., доцент Р.К. Шамшиев, улук окутуучулар А.О. Шерматов, Ы.М. Кожоназарова,  ошондой эле окутуучу Н.С. Алдозова, «Социалдык иш» адистигинин студенттерине  Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин расмий билдирүүсүнө ылайык, 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) кезектеги Саммити Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлө тургандыгын маалымдашты.

Профессордук-окутуучулук курам өз баяндамаларында Самитт өлкөбүздүн экономикалык өнөктөштүк, соода, энергетика, илим-билим, туризм жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү багыттала тургандыгын, ошондой эле бул тарыхый окуя жөн гана дипломатиялык жолугушуу эмес, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүчү стратегиялык өбөлгө экендигин илимий негизде далилдешти. Жыйынтыгында окутуучулар студенттерди, жаш адистерди мындай масштабдуу эл аралык долбоорлорго катышуусу — алардын коомдук-саясий активдүүлүгүн арттыруунун жана жогорку кросс-маданий компетенттүүлүгүн калыптандыруунун негизги өбөлгөсү болуп саналатургандыгын жана өлкөнүн прогрессине багытталган коомдук жашоого жигердүү катышууга үндөө менен бирге, эл аралык стандарттарга жооп берген маданияттуу жаңы муунду калыптандыруу зарылчылыгы өзгөчө баса белгилешти.