1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

9 часов назад

10

Тандоо дисциплиналары - кесиптик өнүгүүнүн негизги багыты

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине ылайык Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасында 2-3-курстардын студенттери үчүн тандоо дисциплиналары боюнча презентация өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты студенттерди тандоо сабактарынын мазмуну, алардын практикалык мааниси жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүктө колдонуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу болду. Кафедранын окутуучулары ар бир дисциплинанын максаты, милдеттери жана өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришип, студенттердин суроолоруна жооп беришти.

ФКк-1-24 жана БЭк-1-24 тайпаларынын 2-курс студенттери төмөнкү дисциплиналарды тандашты:

·                     «Бизнес-пландоо»;

·                     «Студенттердин илимий-изилдөө иши».

Презентация учурунда окутуучулар «Бизнес-пландоо» дисциплинасы студенттерде бизнес-идеяларды иштеп чыгуу, бизнес-долбоорлорду түзүү, финансылык эсептөөлөрдү жүргүзүү жана ишкердик ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун баалоо көндүмдөрүн калыптандырууга багытталганын белгилешти.

Ал эми «Студенттердин илимий-изилдөө иши» дисциплинасы студенттердин изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн, аналитикалык ой жүгүртүүсүн, илимий адабияттар менен иштөө жана маалыматтарды талдоо көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

БЭк-1-23 тайпасынын 3-курс студенттери төмөнкү дисциплиналарды тандашты:

·                     «Мамлекеттик сатып алуулар»;

·                     «1С-Бухгалтерия»;

·                     «Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттары (МСФО)»;

·                     «Практикалык аудит»;

·                     «Банк ишмердүүлүгүн талдоо».

Презентациянын жүрүшүндө окутуучулар бул дисциплиналардын заманбап эмгек рыногундагы актуалдуулугу жана кесиптик мааниси тууралуу кеңири маалымат беришти. Айрыкча бухгалтердик эсепти санариптештирүү, эл аралык финансылык отчеттуулук, аудит жана банк аналитикасы боюнча практикалык багыттагы сабактар студенттердин чоң кызыгуусун жаратты.

«Мамлекеттик сатып алуулар» дисциплинасы мамлекеттик сатып алууларды уюштуруунун укуктук негиздерин жана сатып алуу жол-жоболорун үйрөтүүгө багытталган.

«1С-Бухгалтерия» курсу студенттерге бухгалтердик эсептин заманбап санариптик программаларын өздөштүрүүгө жана практикалык көндүмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет.

«МСФО» дисциплинасы эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттары боюнча билимдерди калыптандырууга өбөлгө түзөт жана азыркы экономикалык интеграция шартында өзгөчө мааниге ээ.

«Практикалык аудит» сабагы финансылык отчеттуулукту текшерүү жана уюмдардын финансылык абалын баалоо боюнча кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган.

«Банк ишмердүүлүгүн талдоо» дисциплинасы банк системасынын иштөө принциптери, банктардын финансылык көрсөткүчтөрүн талдоо ыкмалары жана банк секторунун өнүгүү тенденциялары тууралуу түшүнүк берет.

Мындай презентациялар студенттерге дисциплиналарды туура тандоого, жеке билим берүү траекториясын түзүүгө жана кесиптик даярдыктын сапатын жогорулатууга жардам берет.

Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы билим берүү процессин өркүндөтүү, заманбап окутуу технологияларын киргизүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо багытындагы иштерин улантууда.