1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 день назад

24

1

Чет өлкөлүк окуу жайлар менен өнөктөштүк уланууда

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине ылайык,  академиялык мобилдүүлүк жана илимий-изилдөө иштеринин пландарынын алкагында 2026-жылдын 21-23-май күндөрү “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын профессору Аскарова Айнура Каныбековна, доценттер Төлөнов Эмил Нажимидинович, Мамыралиева Айнагүл Тураматовна, ага окутуучу Мусакулов Нурбек Куралбекович Өзбекстан мамлекетинин Андижан айыл чарба жана агротехнология институтунун экономикалык факультетине иш сапарына барып келишти.

Иш сапардын жүрүшүндө Б.Осмонов атындагы күндөрү “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси менен Андижан айыл чарба жана агротехнология институту ортосунда жогорку окуу жайлар арасында билим берүү кызматын көрсөтүү боюнча кызматташуу жөнүндө келишим түзүлдү.

Академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруунун алкагында Андижан айыл чарба жана агротехнология институтунун экономикалык факультетинин Экономика багытындагы студенттерге, “Маркетинг”,“Аудит”, “Ишкердүүлүктүн негизи”, “Финансы” предметтери боюнча конок лекциялар өткөрүлдү.

Ошондой эле ЖАМУнун окумуштуулары Андижан айыл чарба жана агротехнология институту тарабынан өткөрүлгөн “Жашыл экономикалык реформалардын чегинде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу: институционалдык, агроинновация жана экологиялык мамилелер” аталыштагы эл аралык конференцияга катышты.

 Иш сапардын жыйынтыгында институттун директору э.и.д., профессор Аскарова Айнура Каныбековна, кафедра башчысы э.и.к., доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович окуу жайдын жетекчилигине жылуу кабыл алуу жана жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдиришти.