1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 день назад

11

1

Квалификация алдындагы практика — сапаттуу билим берүүнүн пайдубалы

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине ылайык жана өндүрүштүк практиканын жумушчу программанын негизинде “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасында 2026-жылдын 20-майында ФКк-1-22 тайпасынын студенттеринин квалификация алдындагы практикасына арналган жыйынтыктоочу конференция болуп өттү.

Конференцияны карьераны өнүктүрүү жана практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, доцент Ж.Б. Шамиев ачып, студенттерге практикадан өтүүнүн негизги талаптарын жана отчетторду тариздөө эрежелерин эске салды.

Кафедра башчысы, доцент Э.Н. Төлөнов куттуктоо сөзү менен чыгып, болочок адистердин калыптанышында практикалык даярдыктын ролу баа жеткис экенин белгиледи. Институттун практика жетекчиси, доценттин м.ат. Г.Б. Абдырахманова мындай иш-чаралар теориялык базаны чыңдоого жана заманбап эмгек рыногунун талаптарына ийгиликтүү ыңгайлашууга жардам берерин кошумчалады. ФКк-1-22 тайпасында практикага түздөн-түз жетекчиликти доценттин м.ат. Г.С. Жамашева жүргүздү.

Квалификация алдындагы практика жыйынтыктоочу практика катары студенттерге теорияны реалдуу ишмердүүлүк менен натыйжалуу айкалыштырууга, ошондой эле бүтүрүүчү квалификациялык ишти (ВКР) сапаттуу жазуу үчүн зарыл болгон материалдарды топтоого мүмкүндүк берет.