1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

31

1

Эл аралык деңгээлдеги ийгилик: ЖАМУнун студенттери эл аралык олимпиадада III орунду багындырышты

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине ылайык “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын студенттери жана окутуучулар курамы ири интеллектуалдык аянтчаларда байгелүү орундарды ээлеп, даярдыктын жогорку деңгээлин көрсөтүүнү улантууда.

2026-жылдын 18-майында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети тарабынан уюштурулган Кыргызстандын Казакстандын жана Өзбекстандын 12 алдыңкы жогорку окуу жайынын жаш экономисттеринин башын бириктирген Бухгалтердик эсеп предмети боюнча эл аралык студенттик олимпиада болуп өттү. Олимпиада аралыктан (онлайн) форматта уюштурулуп, тапшырмалар кахут программасы аркылуу,  андан соң презентацияларды  жасоо менен  өттү.

Эл аралык аренада Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун  БЭк-1-23 тайпасынын студенттеринен куралган “Баланс” командасы катышты. Курч мүнөздөгү атаандаштыктын жыйынтыгында биздин катышуучулар Абдуманапова Малика, Ибраимова Айтунук, Темирбаева Асия терең билимдерин көрсөтүшүп, ардактуу III- орунду багындыруу менен эл аралык үлгүдөгү дипломго ээ болушту:

Команданын илимий жетекчилерине И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жетекчилиги   тарабынан э.и.д., профессор А.К.Аскаровага,э.и.к., доцент Э.Н.Төлөновго жана  улук окутуучу Б.А .Аширалиевага. ыраазычылык каттар берилди.