СОЦИАЛДЫК АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮН БИР АЙЛЫГЫНЫН АЛКАГЫНДА ЖАЛГЫЗ БОЙ УЛГАЙГАН ЖАРАНДАРГА КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ
Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2024-жылдын 28-февралында келген №53-б “Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгын өткөрүү жөнүндөгү” буйругунуна ылайык, Жалал-Абад шаарында Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгынын алкагында жалгыз бой улгайган жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү алкагында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин деканы э.и.д., профессор Аскарова Айнура Каныбековна баштаган эмгек жамааты улгайган инсандардан кабар алышып Жалал-Абад шаарынын тургуну Таратунина Галина Дмитриевна аттуу жаранга барышып, 2100 (эки миң жүз) сом акчалай жардам көрсөтүштү.