1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

32

1

Квалификациялык иш алдындагы практика, кесипкөйлүктү арттырат

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине ылайык, ошондой эле билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика жана укук Институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасында 2026-жылдын 19-май күнү квалификациялык иш алдындагы практика боюнча жыйынтыктоочу канференция өткөрүлдү.  Канференцияга ФКс-1-21 жана БЭс-1-21, БЭс-2-21 тайпаларынын студенттери катышты.

Карьераны өнүктүрүү жана практиканы уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси т.и.к., доцент, Шамиев Ж.Б.  конференцияны ачып, практиканы өтүүнүн талаптары жана отчетторду даярдоо тартиби тууралуу маалымат берди. Кафедра башчысы э.и.к, доцент Төлөнов Э.Н., практика студенттердин кесиптик калыптанышында чоң мааниси бар экендигин  белгиледи. Экономика жана укук институтунун практика боюнча жетекчиси, э.и.к., доц. м.а., Абдырахманова Г.Б. практика теориялык билимдерди бекемдөөгө жана эмгек рыногуна ыңгайлашууга чоң өбөлгө түзөөрүн айтты.

БЭс-1-21, БЭс-2-21 жана ФКс-1-21 тайпаларынын квалификациялык иш алдындагы практикасынын жетекчилери - э.и.к., доц, Төлөнов Э.Н. жана Макеева А., Абдыкадыров П., ага окутуучу Мусакулов Н.К. ФКс-1-21 тайпасынын практика жетекчилери - э.и.к.,доц. м.а. Жамашева Г.С, окутуучу Орозова Ч.С.

Бул практика студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө жана квалификациялык ишин сапаттуу даярдоосуна өбөлгө түзөт.