1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

51

1

СОЦИАЛДЫК ИШ –бул жөнөкөй кесип эмес, коомдун туруктуулугунун жана кесипкөй колдоонун кепилдиги

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы “Сапаттуу билим берүү” принцибин ишке ашыруу жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо максатында, 2026-жылдын 28-апрелинде  Экономика жана укук институтунун профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын бекитилген иш планына ылайык, профориентациялык иштердин алкагында кафедра башчысы, ф.и.к., доцент Р.К. Шамшиев, улук окутуучулар А.О. Шерматов жана Ы.М. Кожоназарова Манас шаардык маданият техникумунун студенттери менен жолугушуп, Социалдык иш адистиктин артыкчылыктары жана университеттин илимий потенциалы боюнча презентация жасашты. Кафедранын окутуучулары Н. А. Жолдошева, Н. С. Алдозова жана А. А. Усенов “Социалдык иш” адистигинин заманбап коомдогу ролу тууралуу кеңири маалымат беришип, жолугушуунун жүрүшүндө “Социалдык иш — бул жөн гана кесип эмес, бул коомдун аярлуу катмарларына кесипкөй көмөк көрсөтүү жана мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылуучу стратегиялык багыт” экендиги өзгөчө белгиленди.

Бул иш-чара келечектеги адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана коомдук-социалдык өнүгүүгө багытталган билим берүү стандарттарын жайылтууга багытталган маанилүү кадам болуп калды. Жолугушуунун соңунда келген коноктор жана окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. ЖАМУнун заманбап окуу корпустары жана лабораториялары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, окуу жайдын адистери тарабынан даярдалган маалыматтык буклеттер таратылды. Абитуриенттерди кесипке багыттоо жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө максатындагы мындай иш-чаралар кафедра тарабынан алдыда дагы системалуу түрдө улантылмакчы.