1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

41

1

«Чет өлкөлүк жаш окумуштуулар– ЖАМУда»

Экономика жана укук институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасында Экономика багытындагы студенттерге,  Өзбекстан мамлекетинин Андижан айыл чарба жана агротехнология институтунун экономикалык факультетинин жаш окумуштуулары тарабынан конок лекциялар уюштурулду.   

2026-жылынын 13-май  күнү билим берүү кызматын көрсөтүү боюнча кызматташуу жөнүндө Келишимдин алкагында академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу максатында,  Өзбекстан мамлекетинин Андижан айыл чарба жана агротехнология институтунун экономикалык факультетинин, Агробизнес жана маркетинг кафедрасынын окутуучулары Сотволдиев Егамберди, Соткинов Холмуроджон, Солиев Расулжон  Экономика багытынын БЭк-1-25, ФКк-1-25 жана БЭк-1-24, ФКк-1-24 тайпаларынын студенттерине “Маркетинг”, “Менеджмент предметтери боюнча  лекцияларды окушту.

 Конок лекцияда студенттер тарабынан кызыктуу суроолор берилип,  жооптор алынды.

 Жыйынтыгында институттун директору э.и.д., профессор Аскарова Айнура Каныбековна, кафедра башчысы э.и.к., доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович  лекторлорго академиялык мобилдүүлүк боюнча сертификаттарды тапшыруу менен илимий иштерине ийгилик каалашты.