1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

48

1

Социалдык кызматкердин профессионалдык имиджи жана статусу – бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик диалогу – 2026

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принцибин ишке ашыруу жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо максатында, 2026-жылдын 17-апрелинде “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин  Экономика жана укук институтунун профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын бекитилген иш планына ылайык, “Социалдык иш” адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн “Социалдык кызматкердин профессионалдык имиджи жана статусу – бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик диалогу – 2026” аталышындагы илимий-практикалык конференция уюштурулду.

Илимий-практикалык конференция заманбап билим берүүнүн актуалдуу маселелерине жана 540200 «Социалдык иш» багытынын бүтүрүүчүлөрү менен тажрыйба алмашууга багытталды. Иш-чараны кафедра башчысы, ф.и.к., доцент Р.К. Шамшиев ачып, социалдык иш багытын өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарына токтолду. Конференциянын жүрүшүндө кафедранын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан актуалдуу илимий баяндамалар жасалды. Философия илимдеринин кандидаты, доцент Г. Т. Токтогулова социалдык кызматкердин коомдогу ролу жана кесиптик статусунун өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, ал эми улук окутуучу А. О. Шерматов «Санариптик доордогу билим берүү: салттуу окутуудан жасалма интеллект жана креативдүүлүккө карай жол» деген темада заманбап тенденцияларды талдап беришти. Мындан сырткары, улук окутуучу Ы. М. Кожоназарова, окутуучулар Н. А. Жолдошева, Н. С. Алдозова жана А. А. Усенов бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик моделин, катышуучулар арасында атайын сурамжылоо өткөрүштү.

Конференциянын жүрүшүндө «Социалдык иш» адистигинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири, ЖАМУнун Экономика жана укук колледжинин директору Айнагүл Акылбековна Ташматова баштаган аталган колледждин «Социалдык иш» багыты боюнча эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөрүнөн куралган жамааты куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, жылуу каалоо-тилектерин билдиришти. Өзгөчө белгилей кетчү жагдай, иш-чаранын алкагында колледж директору тарабынан кафедра башчысы Р. К. Шамшиевге жана профессордук-окутуучулук курамга «Социалдык иш» адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн атынан билим берүүгө кошкон зор салымы үчүн “Ыраазычылык кат” салтанаттуу түрдө тапшырылды.Конференциянын соңунда студенттер тарабынан даярдалган "Рухтун жаңырыгы" жана "Мекен күүсү – эмгектин күүсү" аттуу маданий программа тартууланды. Бул жолугушуу окуу жай менен бүтүрүүчүлөрдүн ортосундагы байланышты чыңдап, кесипкөй адистердин статусун көтөрүүгө багытталган маанилүү кадам болду.