1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

32

1

"Адилеттик – улуттук демдин негизи"

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 «Улуттук дух — дүйнөлүк бийиктиктер» аттуу Жарлыгынын негизинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунда «Адилеттик — улуттук духтун негизи» аттуу темада укуктук форум өткөрүлдү.

Форумдун модератору — окутуучу Садыков Рысбай Капарович болду.

Иш-чара жогорку академиялык деңгээлде өтүп, чоң кызыгуу жаратты. Ардактуу коноктор катары профильдик кафедранын өкүлдөрү — Ташиева К. М., Арзиев Н. И., Алимкулов Б. Н. катышышты.

Төмөнкү темалар боюнча баяндамалар угулду: «Адилеттик — улуттук духтун негизи» Юк-1-25 тайпасынын студенти Ниязова Жасмина, «Конституция жана адам укуктары» Юк-1-25 тайпасынын студенти Кадырмаматова Айелита), «Санариптик укук жана жеке маалыматтар» Юк-1-25 тайпасынын студенти Жунусов Даниель, «Заманбап мамлекетте коррупцияга каршы күрөш» Юк-1-25 тайпасынын студенти Абдыманапова Калия.

Студенттер жогорку активдүүлүк көрсөтүп, заманбап коомдогу жана укуктагы адилеттик түшүнүгүнүн негизги аспектилерин кеңири ачып беришти.

Баяндамалар конструктивдүү талкууга уланып, анын жүрүшүндө катышуучулар суроолорун берип, өз пикирлери менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.