1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

37

1

Бүгүнкү күндө кесип тандоо  - келечектеги ийгиликтин пайдубалы

2026-жылдын 29-апрелинде “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун (ЭУИ) алдыңкы кафедраларынын бири болгон экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын жаш адистерди заманбап эмгек рыногунун талаптарына ылайык даярдоо иштерин  ийгиликтүү жүргүздү. Экономика жана укук колледжинин экономика багытындагы бүтүрүүчүлөрүнө аталган  кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жогорку илимий потенциалы жана практикалык тажрыйбасы менен айырмаланып, студенттерге терең билим берип жана  кесиптик көндүмдөрдү калыптандыраарын айтып профориентация өтүштү.

ЭУИнун билим берүү багыттары экономиканын эң маанилүү тармактарын камтып, төмөндөгү адистиктер боюнча сапаттуу билим берет:

Бухгалтердик эсеп жана аудит — ар кандай менчик түрүндөгү ишканалардын каржылык агымдарын көзөмөлдөө жана так эсеп жүргүзүү багыты.

Каржы жана насыя — банк системасын, инвестицияларды жана акча-кредит саясатын башкаруу жөндөмдөрүн өнүктүрүү.

Салык жана салык салуу — мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн калыптандыруу жана ишкердик чөйрөдө салыктык пландаштыруу боюнча терең билим берүү.

Жалпысынан алганда, экономика багытынын бүтүрүүчүлөрү үчүн карьералык мүмкүнчүлүктөр абдан кең. Профориентациялык иш-чаралардын алкагында студенттерге жана талапкерлерге кесиптин өзгөчөлүктөрү гана эмес, анын коомдогу кадыр-баркы да кеңири тааныштырылды.

ЭУИнун директору А.К.Аскарова: “Биздин максат — ар бир бүтүрүүчүнүн татыктуу жумуш ордун табуусуна көмөк көрсөтүү жана өз тармагынын мыкты адиси болуп калыптанышына жол ачуу” – деп баса белгиледи.

Б. Осмонов атындагы ЖАМУ — сиздин ишенимдүү келечегиңиздин башаты!