1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

38

1

«Жаш окумуштуулар– конок лекцияда»

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине ылайык, ошондой эле билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча кызматташуу жөнүндө келишимдин жана кафедранын академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу планынын негизинде, 2026-жылдын 28–29-апрель күндөрү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасы тарабынан конок лекциялар уюштурулду.

Конок лекцияларды Ош мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ кафедрасынын доценти, э.и.к. Раимбердиев Бектур Султанбекович; экономика жана салык кафедрасынын доценти, г.и.к. Матикеева Назгүл Курманалиевна; ошондой эле окутуучулар — аспиранттар Жээнтаева Асылгүл Айдарбековна жана Карыбекова Сюта Асановна өткөрүштү.

Лекциялар «Экономика» багытынын (профилдери: бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит, финансы жана кредит) 1–4-курстун студенттерине «Бухгалтердик эсеп», «Ишкердик негиздери», «Салык жана салык салуу», «Долбоорду башкаруу» жана «Жашыл экономика» сабактары боюнча окулду.

Конок лекциялардын жүрүшүндө студенттер тарабынан кызыктуу суроолор берилип, аларга мазмундуу жооптор берилди.

Жыйынтыгында институттун директору, э.и.д., профессор Аскарова Айнура Каныбековна жана кафедра башчысы, э.и.к., доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович лекторлорго академиялык мобилдүүлүк боюнча сертификаттарды тапшырып, илимий иштерине ийгиликтерди каалашты.