1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

1

Практика – кесипкөйлүккө карай маанилүү кадам

БУУнун Туруктуу өнүгүү жаатындагы Глобалдык келишиминин «Сапаттуу билим берүү» принцибине жана окуу планына ылайык, 2026-жылдын 30-апрелинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунун экономика, эсеп жана финансы кафедрасында студенттердин окуу-тааныштыруу жана өндүрүштүк практикаларынын жыйынтыгына арналган жыйынтыктоочу конференция болуп өттү.

Конференцияга БЭк-1-24 («Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» профили), ФКк-1-24 («Финансы жана кредит» профили) топторунун студенттери, ошондой эле өндүрүштүк практикадан өткөн БЭк-1-23 тобунун студенттери катышты.

Конференцияны экономика илимдеринин кандидаты, доцент Толонов Эмил Нажимидинович ачып, практиканын студенттердин кесиптик калыптанышындагы маанисин белгиледи. Экономика жана укук институтунун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Аскарова Айнура Каныбековна практика теориялык билимдерди бекемдөөгө жана эмгек рыногуна ыңгайлашууга чоң өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. Карьераны өнүктүрүү жана практиканы уюштуруу бөлүмүнүн адиси Жолдошалиева Н.С. практиканы өтүүнүн талаптары жана отчетторду даярдоо тартиби тууралуу маалымат берди.

БЭк-1-24 тобунун окуу-тааныштыруу практикасынын жетекчилери — экономика илимдеринин кандидаттары, доценттер Толонов Эмил Нажимидинович жана Мамыралиева Айнагул Тураматовна. ФКк-1-24 тобунун практика жетекчиси — экономика илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Абдырахманова Гульчехра Батырбековна. Ал эми БЭк-1-23 тобунун өндүрүштүк практикасы улук окутуучу Аширалиева Бактыгул Абдиумаматкадыровнанын жетекчилиги алдында өттү.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер даярдаган презентацияларын сунуштап, практиканын жол картасына ылайык түзүлгөн отчетторун коргошту. Алар практика учурунда алган тажрыйбалары жана жетишкендиктери менен бөлүшүштү.

Практика өткөн уюмдардын жетекчилери студенттердин ишине оң баа беришти. Практиканы ийгиликтүү аяктаган студенттер практика өтүлгөн мекемелердин жетекчилери тарабынан берилген ыраазычылык каттарын алып келишти, бул алардын жогорку даярдыгын, жоопкерчилигин жана кесиптик активдүүлүгүн тастыктайт.

Жыйынтыгында окутуучулар жана практика жетекчилери студенттерге окууда жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалашты.

Конференция жогорку деңгээлде өтүп, тажрыйба алмашууга жана студенттердин жетишкендиктерин баалоого жакшы мүмкүнчүлүк түздү.